Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанда өтө турган Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Жыйын 19-майда, Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтөт. Анда эл аралык маселелер, регионалдык кырдаалдын абалын жана өнүктүрүүнүн келечеги талкууланмакчы. Ошондой эле ЖККУнун алкагында тышкы саясатты координациялоону күчөтүү маселелери боюнча пикир алышуу, ушул жылдын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында өткөрүүнү пландаштырып жаткан уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдыктын жүрүшүн талкуулоо пландалып жатат.