Жаңылыктар
Жети-Өгүз районундагы Дархан айылдык үй-бүлөлүк борборуна жаңы имарат курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жети-Өгүз районундагы Дархан айылдык үй-бүлөлүк борборуна жаңы имарат курулууда

Жети-Өгүз районундагы Дархан айылдык үй-бүлөлүк борборуна жаңы имарат салынууда. Бул имарат июнь айына чейин ишке берилет. Азыркы тапта акыркы ички жасалга иштери жүрүп жатат. 

Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери үчүн атайын имарат болгон эмес. 12 кызматкер буга чейин бала бакчада, айыл өкөтүнүн имаратында кызмат көрсөтүп келишкен. Алар жалпы 1232 кожолуктагы 7 миңден ашык тургунга медициналык көзөмөл кылып келишет.

"Корановирус илдетин алдын алуу, сапатуу медициналык тейлөө жүргүзүү максатында бул борборду ишке киргизгени турабыз. Ашып кетсе бир айдын тегерегиндеги жумушу калды. Жалпы сметанын ичине ички жабдыктарынын 60% пайызы да кирген. Аны менен толук камсыз болгон турабыз. Ага чейин да алганбыз да. Эң башкысы бул ооруну алдын алалы деп атабыз",- деди Дархан айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Жусупова.