Айыл чарба министрлиги асыл тукум малдын түрлөрүн райондоштурууну сунуштады. Бул мал чарбасын сандан сапатка өткөрүү максатында ишке ашыруу болуп саналат.
Маалыматка караганда, асыл тукум малды туура райондоштуруу экономикалык жактан пайдалуу жана фермерлердин натыйжалуу киреше табуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Министрлик учурда өлкөгө сырттан климатына ылайык келбеген малдын породалары кирип жаткандыгын эскертти.
Буга байланыштуу республиканын климаттык шартына ылайык, топоз, кой, эчки, жылкы жана ири мүйүздүү малдын кайсы түрүн, өлкөнүн кайсы аймагында багуу керектиги боюнча тизме түздү.