Кыргызстанда көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлорун кабыл алуу үчүн "Эң мыкты кино долбоорлор" сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.
Ага ылайык, сынакка катыша турчу долбоорлор инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө түрткү берген, патриоттуулукка үндөгөн, социалдык маанилүү маселелерди чагылдырган, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган темаларды камтуусу зарыл. Автор өлкө жараны болушу керек.
Долбоор кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат. Суроолор болсо (0312) 30 02 65, 312 30 10 46 телефон номерлерине кайрылыңыздар болот.