Жаңылыктар
Кыргызстандагы Энелер
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы Энелер

Былтыр Кыргызстанда 15тен 55 жашка чейинки аялдар арасында 158 миң аял биринчи жолу же кайрадан эне болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирип, Энелер күнүнө карата маалымат берди. “Булардын ичинен 27 пайызга жакыны биринчи жолу, 35 пайызы экинчи жолу эне болушту. Ал эми 13 пайызга жакыны төрт же андан көп баланын энеси болгондор”, — деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөдө аялдар биринчи баласын орто эсеп менен 23 жашында төрөшөт. Эң эрте төрөдү дегендер 21-22 жашында көз жарат. Жаш энелердин басымдуу бөлүгү Баткен, Ош жана Талас облустарында жашайт. Комитеттен билдиришкендей, 2000-жылдардан баштап Кыргызстанда төрөлүү деңгээли өсө баштаган. 2019-жылы 15-49 жаштагы ар бир аялга орто эсеп менен 3төн бала туура келген. Эске салсак, өлкөдө Энелер күнү 2012-жылдан бери белгиленип келет. Ал май айынын үчүнчү жекшембисине туура келет.