Мамлекеттин карамагындагы ишканалардын ишмердүүлүгүн арттырып, киреше түшө тургандай нукка салуу багытында алардын айрымдарын жеке менчикке өткөрүү боюнча тизме түзүлүүдө.
Бул багытта мамлекет башчысынын жарлыгы чыгып, анда карызга баткан ишканаларды ыраатташтыруу боюнча айтылган. Президент мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастаганын белгилеген. Учурда бул багытта министрликтер менен биргеликте атайын концепция даярдалууда.