Жаңылыктар
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда эки өлкөнүн лидерлери Орозо айт майрамына байланыштуу жылуу куттуктоолорун айтышып, бири-бирине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердиктерине ийгиликтерди, эки өлкөнүн элдерине бакубатчылык жана өнүгүү каалашты. Ошондой эле эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын башка маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар талкууланды. 

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге ошол кездеги кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулашты.