Жөн жерден эч кимге курал-жарак берилбейт, бул мыйзамсыз. Мындай пикирин Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев активисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал үчүн мобилизация жарыяланып, каалоочулар аскер комиссариатына барып, даярдыктан өткөн соң гана курал берилээрин белгиледи.
30-апрель-1-май күндөрү Баткенде курчуп турган кырдаалды көргөн жүздөгөн адам Бишкектеги аянтта курал берүү талабын айтып, мекенди коргойбуз деп чыгышты. Аскер адистери эгер жай тургундардын колуна курал өтүп кетсе кесепети оор болоорун белгилейт.