Жаңылыктар
Баткендин Кулунду айылындагы жалпы дарыгерлик борбордун жандандыруу бөлүмүнүн имараты курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендин Кулунду айылындагы жалпы дарыгерлик борбордун жандандыруу бөлүмүнүн имараты курулат

Баткендин Лейлек районунун Кулунду айылындагы жалпы дарыгерлик борборуна жандандыруу бөлүмүнүн имараты курулат. Бул үчүн каржылык колдоо табылып, курулуштун капсуласы салынды. 

Эки кабаттан турган имаратта хирургия жана жандандыруу бөлүмү жайгашып, 24 бейтапка ылайыкташтырылат. Буга чейин элеттиктер шарттын жоктугунан Исфана шаарына каттап, убара тартып келишкен. Эми калк саламаттыгына жеринде кам көрүлмөкчү.