Кыргызстанда инвестицияга жана ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлгөнү менен алар ар кандай кысымдарга кабылып келерин бизнес-акыйкатчысы айтып, тынчсызданганын билдирген. Буга чейин Президент Садыр Жапаровдун ишкерликти колдоо боюнча эки жарлыгы чыкты.
Башкы прокуратурага былтыр ишкерлерден ар кандай текшерүүлөргө байланыштуу 300гө жакын кайрылуу келип түшкөн. Анын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 443 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, жүздөн ашык кызматкер тартиптик жазага тартылган. Түзүлгөн актылардын негизинде 2 жарым миллион сом мамлекеттин эсебине өндүрүлгөн.