Доха аэропортунун паркында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбековдун жана ал мамлекеттин Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда бак отургузулду.
Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Акция Катардын Париж келишимине милдеттенмесинин алкагында өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынган "Миллион дарак отургуз" демилгесинин иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Экологиялык демилге биологиялык ар түрдүүлүктү жайылтууга, абанын тазалыгын жакшыртууга жана зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтууга багытталган.