Улуттук коопсуздук боюнча комитет мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өкүлү - Жогорку Кеңештин депутаты «А.М.А.» тарабынан мыйзамсыз баюу фактысын аныктады.
Такталгандай, шектүү саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон. Мындан тышкары, көмүскө активдерин жашыруу үчүн, аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган адамдарга каттаткан.
Алар: соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, "Каприз" борборундагы коттедж, 3 өзгөчө үй жана жогорку класстагы 5 унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык. Жогорудагы активдерге келип чыгуунун мыйзамдуулугун берүү максатында шектүү аларды сатып алуудан мурун, тиешелүү насыяларды финансы-кредит мекемелерине берген.
Ал 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңеште саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү божомолдонууда. Учурда депутаттын башка активдерин, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган каражаттарды легалдаштырууга катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат.