Жаңылыктар
Бир жыл мурда дал ушул күнү өлкөдө ковид-19 инфекциясын жуктурган алгачкы 3 жаран катталган
Кыргызстан жаңылыктары
Бир жыл мурда дал ушул күнү өлкөдө ковид-19 инфекциясын жуктурган алгачкы 3 жаран катталган

Бир жыл мурда дал ушул күнү өлкөдө ковид-19 инфекциясын жуктурган алгачкы 3 жаран катталган. Алар кичи ажылыктан келген Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары болгон. 25-мартта өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилип, мектеп, бала-бакча, окуу жай, унаа каттамдары жана жарандардын кыймылы толук токтогон. Мындай чектөө менен кыргыз эли былтыркы жазды пандемиялык шартта үйлөрүндө өткөрүштү. Оорунун күчөгөн учуру июль айына дал келип, андан бери ооругандардын саны 87 миңден ашты. Бир жыл аралыгындагы пандемиялык абалдагы түйшүктүү учурларга кабарчыбыз токтолот.