Жаңылыктар
Бишкек - Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кыймыл калыбына келди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кыймыл калыбына келди

Бишкек - Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кыймыл калыбына келди. 14-мартта бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болгон. 

Жолдун тайгактыгынан жүздөгөн унаалар токтоп калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы абалды жөнгө салыш үчүн №9 жол тейлөө ишканасы Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен чогуу иштеди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-марттан баштап көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаай турганын эскертип, жолдор тоңголок, тайгак болорун билдирген.