Жаңылыктар
Баткен облусунда өтө турган аскердик окутуу-машыгууларга даярдыктар жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунда өтө турган аскердик окутуу-машыгууларга даярдыктар жүрүүдө

Баткен облусунда УКМК, ИИМ менен ӨКМдин аймактык бөлүктөрү, Баткен облустук жана райондук администрацияларынын жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууларга даярдыктар өтүүдө. 

Машыгуу 30-марттан 1-апрелге чейин “Коопсуздук - 2021” аталышында болот. Ага 2 миңге жакын адам тартылып, 100дөй унаа, 20га жакын артилериялык тутум жана авиатехника колдонулат. Мындай окутуу-машыгуулар жыл сайын өлкөнүн ар кайсы облустарында өтүп келет. Бул жолу окутуу-машыгуу Баткен облусунда өтөт.