Жаңылыктар
Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Н.Исмоилов менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Н.Исмоилов менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. 

Күн тартибинде турган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын эли эзелтен бери ийиндеш жашап, өнүгүп-өсүп келгенин, эки элдин ынак коңшулук жана өз ара сый мамилелери бүгүнкү күндө дагы ар тараптуу кызматташуунун бекем пайдубалы катары кызмат кылып жатканын белгиледи. Ал Өзбекстан менен парламенттер аралык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, пандемияга байланыштуу жылдырылган иш-чаралар, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны жакынкы мезгилде боло тургандыгына үмүт артты. 

Садыр Жапаров эки өлкөнүн соода-экономика жаатындагы зор потенциалы толук ачылбай жатканына токтолуп, андан улам кыргыз тараптын эки мамлекеттин рынокторунда товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын белгиледи. Президент бул процесске мыйзам алкагында жагымдуу шарттарды түзүүгө Өзбекстан парламенти өз салымын кошоруна ишенерин билдирди. Нурдинжон Исмоилов Кыргызстан Президенти менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап жатканына кубанычта экенин билдирди. Ал Садыр Жапаровду өз өлкөсүнүн чыныгы атуулу жана күчтүү саясий эрки бар адам катары тааный тургандыгын кошумчалады. Нурдинжон Исмоилов эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагындагы эки мамлекет башчысынын чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.

Ал Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев коңшу өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан менен парламенттер аралык байланыштарды жигердүү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканына токтолду. Исмоилов Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.