Жаңылыктар
Аламүдүн районунда чоң атасын өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Аламүдүн районунда чоң атасын өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды


2021-жылдын 6-март күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Ленин айылынын 70 жаштагы жашоочусу К.А. автоунаасы менен дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын үйүнө барышып, териштирүү учурунда анын үйүнүн алдында чакан кафеси иштегени жана жоголгон жаранды акыркы жолу ошол кафедеги эс алуучулар менен бирге отурганын көргөндөр болушкан. Милиция кызматкерлери тарабынан кароо жүргүзүү учурунда ошол кафенин айланасынан канга окшогон шектүү белгилер табылып, ыкчам кызматкерлер кылмыштын изине түшүшкөн. 

Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон жарандын 18 жаштагы небереси К.С. кылмышка тиешеси бар деген шек менен РИИБдүн имаратына жеткирилген. Териштирүү учурунда төмөндөгүлөр маалым болгон.  

2021-жылдын 5-март күнү кечинде небереси менен чоң атасынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, небереси аны уруп жиберген. Соккудан улам чоң атасы жерге жыгылып, эсин жоготуп калган. Анын дем албай жатканын көргөн небереси, балка менен башка чаап, кылмышты жаап жашыруу максатында жансыз денени автоунаага салып алып, Аламүдүн районунун айылдарынын бириндеги камыштардын арасында таштап, автоунааны жууп, ошол эле айылга унааны да таштап кетип калган.

Милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денеси жана автоунаасы табылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.