Жаңылыктар
Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү болуп Бакытбек Нарбеков дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү болуп Бакытбек Нарбеков дайындалды

Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругуна ылайык, Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү болуп Бакытбек Нарбеков дайындалды. 

Таластын активдери менен өткөн жыйында, мурдагы облус жетекчиси Айбек Бузурманкулов жаңы жетекчи Бакытбек Нарбековго ишин өткөрүп берди. Нарбеков иш мерчемдерин ортого салды. Ал жазгы талаа иштерин кечиктирбей колго алуу, өкмөттүн жеңилдетилген насыяларын максаттуу пайдалануу, жазгы жаратылыш кырсыктарын, анын ичинде суу ташкындарынын алдын алуу иштерин көзөмөлдөө зарылчылыгын белгиледи. 

Белгилей кетсек, Бакытбек Нарбеков Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында туулган. Агрардык Академияны аяктап, аталган окуу жайда окутуучу, кийин каржы министрлигинде иштеген. Акыркы учурда Президенттин аппаратында эмгектенип келе жаткан.