Өлкөдө 82 пайыздан ашык окуучу аралыктан окутууга тартылган. Бул коронавирустун балдар жана аялдардын абалына тийгизген таасири тууралуу сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болгонун Улуттук статистикалык комитеттен маалымдады.
Изилдөөгө ылайык, аралыктан окутуу үчүн негизинен телефон, планшет - 98,9 пайыз, сыналгы - 51,5 пайыз, компьютер-ноутбук - 5,6 пайыз колдонулган. Ал эми онлайн окутуу процессине канааттанбаган ата-энелер 78 пайызды түздү.
Мунун негизги себеби - балдардын окуу материалдарын жакшы түшүнбөгөнү, окуучулардын дээрлик жарымы сапаттуу интернетке ээ болбогону жана телесабактарды дайыма көрүүгө жетишпей калышы. Ошондой эле интернет байланыш үчүн төлөө мүмкүнчүлүгү да жок дегендер болгон.