Айрым эл аралык уюмдар Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктары басмырланып калган деген жүйөө келтирүүдө.
Бирок, юристтер жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү мындай пикирди четке кагат. Анткени, документте тескерисинче адамдын жана жарандын укуктары бөлүмү мурдагыдан дагы бекемделген. Эл аралык стандарттарга жооп берет.