Президент Садыр Жапаров бүгүн, өлкөнүн ишкердик субъектилеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смитти кабыл алды.
Анда институттун учурдагы ишмердүүлүгү, ишкерлерди колдоо чаралары тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргогон бизнес-акыйкатчы институтунун аракеттерине канааттангандыгын айтып, анын мамлекеттик органдардын мыйзамсыз аракеттеринен бизнести коргоодогу жана колдоодогу өзгөчө ролун белгиледи. Кыргызстан демократиялык өлкө катары эркин ишкердик чөйрө түзүүгө умтуларын, өлкөдө ишкерлер менен инвесторлорго шарттарды жакшыртуу, бизнеске негизсиз кийлигишүүнү азайтуу боюнча жигердүү чаралар көрүлүп жаткандыгын айтты.
Садыр Жапаров конституциялык реформадан кийин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин макамы көтөрүлөрүн, бул агенттик чет элдик инвесторлорду гана эмес, жергиликтүү ишкерлерди дагы колдоо менен алектенерин кошумчалады. Бизнес-акыйкатчы акыркы мезгилдерде ишкерлер тарабынан өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишине даттануулар көбөйгөндүгүн маалымдады.
Буга байланыштуу Мамлекет башчысынын алгачкы Жарлыктарынын бири - “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгынын өзгөчө маанисин белгиледи. Бул документ өлкө жетекчилигинин ишкердүүлүктү жана инвесторлорду колдоодо чечкиндүү саясий эркин көрсөткөндүгүн тастыктайт. Ошондой эле ал көпчүлүк учурда мамлекеттик органдар ишкерлер менен алдын-ала кеңешпестен өзүнчө чечим кабыл аларын, ал эми бизнес-акыйкатчы институтунун сунуштары көңүл буруусуз калып жаткандыгын өкүнүү менен кошумчалады. Президент ишкерлер менен коомчулук бул институтка чоң үмүт артып жаткандыгын белгилеп, андыктан ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча институттун миссиясын толук колдой тургандыгын айтты.