Социалдык тармактарда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери президентке кайрылуу жасады деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Комитеттен билдиришкендей, коррупцияга каршы күрөшүү, казынаны тоноого бөгөт коюу, аткезчиликке каршы чаралар күчөтүлгөндөн улам бул сыяктуу маалыматтар кызматтын атын каралоо максатында жайылууда. Мындан сырткары, УКМКнын боло турган жергиликтүү шайлоого кийлигишүүсү бар деген маалымат да - жасалма. Комитет саясий, административдик ресурстарды шайлоого аттанган партиялардын кызыкчылыгына пайдаланууга жол бербөө багытында өзүнүн укуктарынын негизинде иштөөдө.
Шайлоо процессине кийлигишүү, өткөн жылдын октябрь айында болгон сыяктуу окуяларга алып келиши мүмкүн экендигин эскертет. Бүгүнкү күндө УКМКнын баардык бөлүмдөрүндө моралдык-психологиялык дем туруктуу сакталып, мамлекетке жана коомго терс таасирин тийгизе турган көрүнүштөрдүн алдын алууга даяр. УКМК социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарды комитетти улуттук коопсуздукту камсыз кылуудан алаксытуу аракети катары баалады.