Жаңылыктар
Ошто өтүп жаткан самбо боюнча республикалык мелдешке жети облустун спортчулары катышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто өтүп жаткан самбо боюнча республикалык мелдешке жети облустун спортчулары катышууда

Ош шаарында самбо боюнча республикалык мелдеш өтүп жатат. Ага Ош, Бишкек шаарлары жана 7 облустун спортчулары катышууда. 

Республикалык деңгээлдеги чемпионатта жалпысынан 400дөн ашуун балбан күч сынашып жатат. 2 күнгө созулган мелдеште спортчулар 64, 71, 77, 88, 90 килограмм жана андан жогорку салмактагылар килемге чыгышты. Жеңүүчүлөр алдыдагы эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргошот.