Бишкек шаарында 35 жаштан 60 жашка чейинки курактагы айымдар арасында волейбол боюнча турнир болуп өттү. Ага республика боюнча 16 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Оштун курама командасы жеңип, баш байге 50 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. 2-орунга “Альфатекс” командасы ээ болуп, 25 миң сом алса, үчүнчү орунга “Ак ниет” командасы илинип, 10 миң сом жеңип алды. Ал эми 4-орунга коюлган 5 миң сомду Ноокат курама командасы утуп алды.
Ошондой эле, ар бир команданын арасынан мыкты катышуучулар аныкталып, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.