Жаңылыктар
Талас облусунда ири көлөмдөгү чылымды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалышты
Кыргызстан жаңылыктары
Талас облусунда ири көлөмдөгү чылымды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалышты

Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп бара жаткан эки жүк ташуучу унааны кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирүүгө ылайык, оор жүк ташуучу унаалар ири көлөмдөгү чылымды Кыргызстандын аймагынан чыгарып бара жатышкан. "Кармалгандар ар кайсы өндүрүшчүлөр чыгарган 760 миңден ашык таңгак чылымды мыйзамсыз, тиешелүү уруксат кагаздарысыз ташып бара жаткан", - деп жазылат маалыматта. 

УКМКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан товардын баасы 40 миллион сомдон ашык болгон. Аталган факт боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамсыз ишке тиешелүү тараптар такталууда.