Жаңылыктар
Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүүчү көк бөрү боюнча мелдеш өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүүчү көк бөрү боюнча мелдеш өтөт

Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүүчү көк бөрү боюнча мелдеш болот. Ал Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган “Ачык чемпионат" деген аталыш менен уюштурулат. Бул тууралуу аталган спорттун Улуттук федерациясы билдирди. 

Ат оюндары 13-21-март күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтөт. 12-мартта чучукулак тартылат. Командалардын катышуу боюнча билдирүүлөрү 11-март күнү саат 17:00гө чейин Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясына тапшырылышы керек.

Быйылкы мелдешке 26 команда катышары күтүлүүдө, оюндар тайпалык этаптан башталат.