Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Эрик Арсалиев дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Эрик Арсалиев дүйнөдөн кайтты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Эрик Арсалиев 55 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. 

Арсалиевдин жакындарынын билдирүүсүнө караганда, маркум рак оорусуна чалдыгып, Түркияда дарыланып жүргөн. Эрик Арсалиев 2004-2005-жылдары «Манас» аэропортун жетектеп турган. 2007-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген.