Бишкекте милиция унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматкерлери Токомбаев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Lexus GX 460 үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Кызматкерлер айдоочунун тиешелүү документтерин текшерүү учурунда 1971-жылы туулган жаран өзүнүн унаасынын мамлекеттик номурун жасалма номурга алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча автоунаа айып короосуна токтотулуп, ал эми айдоочусун Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.