Жаңылыктар
Жайыл районунда өз энесин өлтүрүүгө шектелип психикалык жактан жабыркаган уулу кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жайыл районунда өз энесин өлтүрүүгө шектелип психикалык жактан жабыркаган уулу кармалды

Бүгүн, 9-март күнү таңкы саат 06:30 чамасында Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө жергиликтүү жашоочулардын бири Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылгандыгын билдирген. 

Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке дароо Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, ал жерди кароо учурунда аял кишинин жансыз денеси табылган. Ал аял 1940-жылы туулган З.Г. аттуу жергиликтүү жашоочу экендиги такталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын 1977-жылы туулган уулу З.Р. кармалган. 

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, апасына бензин куюп өрттөп жибергенин билдирген. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү жаран психикалык жактан жабыркап келгени маалым болгон. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.