Жаңылыктар
Жалал-Абад облусу: Алаш жайлоосуна барчу жолдун “Даван тилкесиндеги” кар көчкү тазаланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусу: Алаш жайлоосуна барчу жолдун “Даван тилкесиндеги” кар көчкү тазаланууда

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 25-февраль күнү Шайдан айыл аймагындагы Алаш жайлоосуна баруучу жолдун “Даван тилкесинде” түшкөн кар көчкүнүн кесепетинен, Токтогул ГЭСинен “Датка” көмөк чордонуна келген Л-554-жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөн №120 “фаза А” электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Учурда электр энергиясы башка линия аркылуу камсыздалууда.

ӨКМ тарабынан 1 экскаватор, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынан 15 кызматкер жана 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, ААК “Кыргызнефтегаз” компаниясынан 1 бульдозер, Ноокен районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 2 медициналык кызматкер, №51 ЖТИден 2 кызматкер тартылган. 

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү - Жарандык коргонуунун башчысынын 2021-жылдын 2-мартындагы №39-б буйругунун негизинде Жалал-Абад облусунун аймагына "Өзгөчө кырдаал режими киргизилген".

8-март күнү тартылган техниканын жардамында электр мамычасына баруучу тазаланган 7000 метр унаа жолдун 1500 метр аралыгы тетиктерди жеткирүүчү дөңгөлөктүү унаалар үчүн ыңгайлаштырып тегизделип, электр мамычасынын айланасынын 480 м2 аянты тазаланган. Ошондой эле электр мамычасынын араларына жалпы 1000 метр жол салынган. 9-март күнү тазалоо иштери улантылат.