Жаңылыктар
Кара-Кулжа районунда ишкерлер борбору ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кулжа районунда ишкерлер борбору ачылат

Кара-Кулжа районунда ишкерлер борбору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясында ишкерлердин башын бириктирип, тажрыйбасын алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн жыйын болуп өттү. Семинарда Дүйнөлүк банктын Ош областынын айыл-чарбасына 60 миллион доллар көмөк көрсөтүү боюнча түшүндүрмө берилди.

Семинарга 150 ишкер, фермерлер катышып, бал экспорттоо, көп кабаттуу курулуш, тоо туризми боюнча келишимдер түзүлүп, өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.Райондун акими Нуралы Курмантаев мындай форумдар үчүн райондо атайын борбор ачыларын билдирди.