Жаңылыктар
«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын эксперттерин тандоо сынагы жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын эксперттерин тандоо сынагы жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана «Саякбай манасчы» эл аралык коомдук фонду менен биргеликте республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын эксперттерин тандап алуу сынагын жарыялайт. 

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, «Манас таануу» таймашы «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде эпосту жайылтуу, өркүндөтүүнү натыйжалуу камсыз кылуу максатында өткөрүлүп келет. Бардык суроолор боюнча министрликтин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторуна кайрылууга болот.