Жаңылыктар
Кыргызстандагы райондордун акимдери жана орун басарлары аттестациядан өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы райондордун акимдери жана орун басарлары аттестациядан өтөт

Кыргызстандагы райондордун акимдери жана орун басарлары аттестациядан өтөт. Сынак 11-марттан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт. Иш-чара Нарын облусунан башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти. 

Район башчыларынын ишмердүүлүгүн Мамлекеттик кадр кызматында түзүлгөн атайын комиссия текшерет. Комиссия акимдер жана орун басарлары жөнүндө өкмөттүн ошол облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, милиция, атайын кызмат жана бейөкмөт уюмдарынан алынган маалыматтар менен таанышып чагыт. Аттестация онлайн форматында өтүп, жыйынтыгы Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына илинет.