Айымдардын эл аралык майрамына карата өлкөнүн бардык аймактарында талыкпаган эмгеги менен ийгилик жараткан айымдарды Кыргызстандагы аялдардын демократиялык комитети куттуктады. Майрамдык салтанаттын өзгөчө коногу Памирден келген айымдар болду. Алар атайын унаа менен иш-чара болгон жерге жеткирилген.
Көздөрүндө жылуулук, бир аз толкунданган ажарлуу айымдар Улуу Памирди мекендеген кыргыз боордоштору. Алар буга чейин бир да жолу аялдардын эл аралык майрамын көргөн эмес. Алгачкы жолу шаан-шөөкөткө бараткан айымдардын жүзүндө жагымдуу жылмаюу болсо, бир четинен таң калып, тынчсыздануу бар эле.
Салтанаттуу иш-чарага келген асылзат айымдарды оркестр, ардактуу кароолдун коштоосунда аскер адамдары тосуп алышты. Жаз майрамына өлкөнүн ар кайсы облусунан эмгеги менен элге таанылган айымдар чогулган.
Бүгүнкү майрамга маданияттын жүзү, СССРдин, Кыргыз ССРнин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева, Дарика Жалгасынова баш болгон маданият, маалымат, медицина, билим берүү тармагындагы айымдар келди. Арасында көп балалуу энелер, айылдын түйшүгүн тартып, дыйканчылык менен мээнет кылган жароокер айымдар да бар.
Майрамга карата уюштурулган иш-чарада келген коноктор "ардактуу инсан" төш белгиси менен сыйланды. Өлкөнүн ар тарабындагы үлгүлүү айымдардын башын бириктирген жолугушуу жыл сайын өткөрүлүп, аялдар арасында тажрыйба алмашып, таанышып, чогуу бийик пландарды ишке ашырууну көздөйт.