Жаңылыктар
Кыргыз айымдары кылымдардын сүртүмдөрүндө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз айымдары кылымдардын сүртүмдөрүндө

“Дүйнөнүн түркүгү - эне” дешет элибиз. Кыргыз айымдары үй-бүлөнүн очогун өчүрбөгөн кут. Акылмандыгы, көсөмдүгү менен ишеничтүү жар. Эл намысын талашкан тайманбастыгы менен баатыр аталып келген. Анын мисалы катары Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Курманжан датка, Уркуя энелерибиздин ысымы айтылып жүрөт. Аты аталган бул кыргыз айымдары керек кезде колуна кылыч алып, жоо чапса, зарыл учурда мырзалардын оорун колдон алып, көрөгөчтүгү менен акыл кошкон. 

Алай ханышасы аталган Курманжан энебиздин акылмандыгы, эл башкарган көсөмдүгү аңыз кеп болуп гана айтылбастан, тарыхый документтер менен далилденген. Өмүрлүк жары Алымбек датканын өлүмүнөн кийин Кокон ордосу, Бухара эмирлиги, Орус падышачылыгы менен тең ата сүйлөшүп, саясат жүргүзгөн. Ал кишинин каармандыгы көркөм чыгармаларда чагылдырылып, бейнеси тасмага да түшүрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова режиссёр Садык Шер-Нияз тарткан Курманжан датка тууралуу тасмада датка эненин орто курактагы образын жанданткан. Актрисанын чеберчилиги менен калың эл ошол учурдагы тарыхты, эл биримдиги үчүн боор этинен бүткөн баласын курмандыкка чалган эненин бейнесин тааный алды.

Тасмада көрсөтүлгөн Курманжан эненин бейнеси чет элдик кино сүйүүчүлөрдү да таң калтырды. Фильм аркылуу кыргыз айымдарын изилдөөгө кызыккандар арбыганын актриса белгилейт. 

Кыргыз айымдарына таандык болгон асыл сапаттарды Курманжан эненин тарыхый образы аркылуу таанып келсек, андан башка да кыргыздын баатыр кыз-келиндеринин каармандыгы элдик ооз эки чыгармачылыкта, уламыштарда айтылып келет. Алардын сап башында Манас атанын зайыбы Каныкей энебиз, Семетейдин жубайы Айчүрөк турса, эл коргогон баатыр кыздар Жаңыл мырза, Кыз Сайкал бар. 

Ширин Сарыгулова кыргыздын баатыр кыздарынын образын театр сахналарында ойноп элге таанылган. Жаңыл мырза, Кыз Сайкалдын элесин эстегенде ушул айымдын бейнеси көзгө тартылат. Каарманыбыз турмуштагы мырза мүнөзү ушундай кейипкерлерди ойноого таасир эткенин айтат. 

Кыргыз айымдары эзелтен эле керек учурда мырзалар менен теңтайлаша элине кызмат кылышкан. Жоокердик заманда мырзалардын керек жарагын камдап, коломтонун отун өчүрбөй балдарын караса, зарыл болгон кырдаалда кылыч кармап жоо сайган учурлары да болгон. 

Бүгүнкү кыргыз коомунда мырзалар менен тең ата саясатка, коомдук турмушка, ишкерликке, илимге аралашып, ошол эле учурда үй-бүлөсүн карап жарына, балдарына камкордук кылып жаткан кыргыз айымдары тарыхтагы Каныкейдин, Айчүрөктүн, Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Айганыш, Курманжан, Уркуянын сиңдилери.