Жаңылыктар
Кылым карыткан Кумайкан эне
Кыргызстан жаңылыктары
Кылым карыткан Кумайкан эне

Теңир-Тоонун коюнунда жашап, иштеп, коомдогу тарыхый өзгөрүүлөрдүн күбөсү болуп, агартуу тармагынын өнүгүүсүнө өз үлүшүн кошкон Кумайкан Шадыканова эне жашоосунда 100-жазды тосуп жатат. Кылым карыткан кайраттуу эне өтөлгөлүү өмүр жолуна ыраазычылык менен карап, өзүн бактылуумун деп эсептейт.

7 уул, 7 кызды тарбиялап, эрезеге жеткирген баатыр эне, ушул тапта чөбөрө, кыбыраларына насаат ырларын айтканга да жарайт. Ардактуу эс алууга чыккычакты мектептеги китепканада эмгектенген Кумайкан апа, көп китептерди окуп чет тилдерди үйрөнгөн. 100 гө таяп калса да, немисче санаганды унута элек.

Дөөлөттүү карыя кутман курагында нарк-насилдүү өмүр кечирип, төрдүн көркү, үйдүн куту болуп турган чагы. Жүрүм-туруму, акыл-кеби менен уул-кыздарына акыл насаатын айтып, карылыктын кучагында жашап келет. Өзү басалбаганы эле болбосо, күүлүү-күчтүү.
Кумайкан апа ушул тапта жараткандын ар бир берген күнү үчүн ыраазычылык билдирип, каниет кылып балдарынын төрүндө ырахаттанып жашап келет. Анан да уул-кыздарына эркелеп, улам бириникине конокко барып, айылчылаганды жакшы көрөт.

Түмөн түйшүк, талыкпас эмгектин арты менен эл ишин жасап, эл керегине жараган уул-кыздарын чоңойтту. Кумайкан апа 61 небере, 150 гө жакын чөбөрө, 9 кыбыранын чоң апасы. “Баатыр эне” наамын алган бактылуу энеге азыр балдарынын кашында, жакшы күндөргө гана күбө болуп отургандан артык белек жок.