Жаңылыктар
Карысы бардын, ырысы бар
Кыргызстан жаңылыктары
Карысы бардын, ырысы бар

"Карынын кебин капка сал" демекчи, келечекти көрө билип, жаш муунду туура жолго тарбиялоодо ак сакалдуу аталардын кеби, ак элечектүү апалардын акылы туңгуюктан жол тапкандай эле. Жылдар улгайтса да, мамлекетке пайдасы тийип, чоң салым кошуп келген карылар

калкыбыздын казынасы. Бул туурасында Бишкек шаарынын Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйүндөгү апаларды куттуктоо учурунда премьер-министр Улукбек Марипов да билдирди. 

Ааламдын көркү болгон аялзатынын көңүлү чөгүп эч муңайбаса деп тилейт, 15 жылдан бери карылар үйүндө жашаган Гүлжакан апа. Ал өзүнүн алсыз ден-соолугуна карабай жагымдуу иштерди көп кылууга аракет кылат. Колунан көөрү төгүлгөн уз болгондуктан түрлүү буюмдарды жасап көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүп ырахаттанат.

Гүлжакан апанын үй-бүлөсү, ата-энеси жок болсо да жалгыздыгын сездирбеген курбу-курдаштары менен сүйүктүү эли бар. Билгендер анын эмгекчилдигин, шайырдыгын, адамкерчилигин терең баалап майрам күндөрү да келип куттуктап турат. Бул ирет майрамдык маанайды Кайгуул кызматынын кызматкерлери тартуулашты.

Карылар үйүндөгү апаларга кам көрүп алар үчүн күнү-түнү кызмат кылган кызматкерлерге да белектер берилди. Өмүрдүн гүлү, жаңылануунун жарчысы болгон айымдарды бир эле майрамда эмес, ар күнү куттуктаса да аздык болоор. Алар ар дайым белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуу дешет куттуктагандар.
 

Карылардын бир күндүк тамагына мамлекеттен 100 сом каралган. Ал эми күнүмдүк дары-дармегине 6 сом 70 тыйын берилет. Алардын шартын,ал-абалын билүү үчүн жана асылзат апаларды куттуктоо үчүн өлкөнүн премьер-министри Улукбек Марипов атайын айттырбай келди. Куттуктоо учурунда карылар үчүн шарт түзүп көмөк көрсөтүүдөн эч аянбаарын билдирди