Жаңылыктар
Айымдар майрамынын тарыхы
Кыргызстан жаңылыктары
Айымдар майрамынын тарыхы

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу эле бүгүн Кыргызстанда да 8-март - аялдардын эл аралык майрамы белгиленүүдө. Жыл өткөн сайын бул күнгө өзгөчө көңүл бурулуп, кеңири белгиленип келет. Убагында эркектерден кем калбаган оор жумуштар үчүн аз маяна алган аялдар 1857-жылы 8-мартта өз тең укуктары үчүн чыгышкан. Ошондон бери бул күн айымдардын укугун теңдеген күн катары майрамдалып келет.

Коомдо аскер айымдарын, саясатчыларды, бизнес чөйрөсүндөгү мыкты ишкерлерди жана космонавт-айдоочу айымдарды кезиктирүү кадимки көрүнүш. Мындан жүздөгөн жылдар мурда ийгиликтүү айымдарды элестетүү мүмкүн эмес эле. 1857-жылга чейин аялдар оор жумуштарда эртеден кечке маңдай тер төккөнү менен мээнети бааланбай, баркталбай келген.

16 сааттык жумуш убактысын жеңилдетүү талабы менен Манхеттендин көчөлөрүндө айымдар акцияга чыгып тең укуктуулукту талап кылышкан. Ашканадагы бош идиштерди көтөрүп алып укугун коргогон айымдардын маршы убакыттын өтүшү менен тарыхый күнгө айланды.

1910-жылы Копенгагенде иштеген аялдардын экинчи эл аралык жыйыны өтүп, Германиянын социал-демократтар партиясынын аялдар тобунун лидери Клара Цеткин дүйнөнүн бардык айымдарын өз укуктарын коргоого чакырган. Аны менен катар жыл сайын 8-мартта саясий тең укуктуулуктун күнү катары майрамдоону сунуштаган. Кийинки жылдан тартып Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө бул күн белгилене баштаган. 

1975-жылы БУУ 8-мартты аялдардын эл аралык майрамы катары жарыялаган. Бул күн мурдагы СССРдин курамындагы көп мамлекеттерде эс алуу күн катары эсептелет. Алардын арасында Кыргызстанда да мамлекеттик деңгээлде белгиленип, ар кайсы аймакта айымдардын турмуштагы ордун даңазалаган түрдүү иш-чаралар менен коштолот.