Айымдардын эл аралык күнүндө өлкөнүн бардык аймактарында өзүнүн талыкпаган эмгеги менен ийгилик жараткан айымдарды Кыргызстандагы аялдардын демократиялык комитети куттуктады.
Майрамдык салтанаттын өзгөчө коногу Памирден келген айымдар болду. Алар атайын унаа менен иш-чара болгон жерге жеткирилди. Айымдардын айтымында, алар буга чейин бир да жолу аялдардын эл аралык майрамын көргөн эмес.
Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын оркестр, ардактуу кароолдун коштоосунда аскер адамдары тосуп алышты. Майрамга карата уюштурулган иш-чарада айымдар "ардактуу инсан" төш белгиси менен сыйланды. Өлкөнүн аймактарындагы үлгүлүү айымдардын башын бириктирген жолугушуу жыл сайын өткөрүлүп, аялдар тажрыйба алмашып, таанышып, келечек пландарды талкуулашат. Иш-чарага жалпы 400гө жакын жети дубандын айымдары катышты. Жолугушуу жагымдуу маанай, концерттик программалар менен коштолду.