"Орусияда чыккан вакцинанын жогору таасирдүүлүгү менен коопсуздугун дүйнө коомчулугу таанып жатканын баса белгилегим келет. Биз да жакынкы күндөрү калкты жапырт эмдөө боюнча иш-чараларды баштайбыз деп ишенем". Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Россия Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда айтты. Ал коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда көрсөткөн жардамы үчүн өнөктөш өлкөгө ыраазычылык билдирди.