Жаңылыктар
Нарындын Эмгекчил айылында көк бөрү оюну боюнча мелдеш өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындын Эмгекчил айылында көк бөрү оюну боюнча мелдеш өттү

Нарындын Эмгекчил айылында көк бөрү оюну боюнча мелдеш өттү. Жаштарды ынтымакка чакыруу жана спортко тартуу максатында уюшулган таймашка облус аймагынан 18 команда келип, күч сынашты. 

Оюндан утуп чыккан топ республикалык мелдешке барып, дубандын намысын коргойт. Уюштуруу иши демөөрчүлөр тарабынан колго алынып, жалпы байге фонду бир миллион сомду түздү. Мөөрөйдү өз тарабына оодарган эки топко бирден унаа берилет. Эми көк бөрү оюнун өнүктүрүү колго алынып, мелдештер байма-бай өтүп турат.

“Ынтымак бар жерде ырыс бар деп коет эмесби. Ошондуктан бул оюн аркылуу ынтымакка чакыралы деп чечтик. Азыр оюн мыкты өтүп жатат”,- деди уюштуруучу Урмат Жээнбеков.