Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 12-февралда түнкү саат 11лер чамасында Тажикстандын аймагында катталып, очогунда күчү болжол менен 6,5 баллга жеткен.
Жер титирөө өлкөнүн Ош облусунун аймагында 4,5 баллга чейин, ал эми Баткен жергесинде 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.