Жаңылыктар
Бишкек шаардык сотунун имаратына түн ичинде эшигин талкалап кирүүгө шектүү адам кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык сотунун имаратына түн ичинде эшигин талкалап кирүүгө шектүү адам кармалды

Бишкек шаардык сотунун имаратына түнү ичинде эшиктердин кулпусун сындырып кирип барган деп шектелген адам Ош шаарында кармалды. 

Маалыматка караганда, 30 жаштагы шектүү азыр Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында киргизилди. Милиция окуяны Жазык кодексинин “Уурулук” беренесинин негизинде каттоого алып, келтирилген чыгымды тактап жатат. Эскерте кетсек, 10-февралга караган түнү Бишкек шаардык сотунун имаратына кирген киши судьялардын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттардагы иш бөлмөлөрүнө кирген. 

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы белгисиз бирөөлөр имаратка эшиктин кулпусун сындырып кирип барышканын 10-февралда маалымдаган, бирок бардык иштер ордунда экенин, жарандык, жазык же административдик иштер жоголгону жөнүндө маалымат жок экенин билдирген. Ага чейин социалдык түйүндөрдө шаардык соттогу айрым иштер уурдалганы тууралуу маалымат тараган.