Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.
Анын айтымында, өлкө боюнча коронавирустун жайылуу тенденциясы жалпысынан жайлап бара жатат. Ооруканаларда бош орундардын саны жетиштүү. Бирок дүйнөдө коронавирус инфекциясынын мутациясы жүрүүдө. Буга байланыштуу өлкө эпидемиологиялык абалдын начарлашына алып келүүчү ар кандай тобокелдиктерди четтетүүгө даяр болушу керек. Новиков Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бардык стационарларды дары-дармек каражаттары, орундар менен камсыздоону жана алардын даярдыкта болуусун тапшырды.