Жаңылыктар
2020-жыл үчүн мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча кеңешме өттү
Кыргызстан жаңылыктары
2020-жыл үчүн мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча кеңешме өттү

Өкмөттүн ишин пландаштырууда негизги призма катары бюджеттик каражаттарды өз учурунда жана рационалдуу пайдалануу болушу керек. Бул туурасында Премьер-министр Улукбек Марипов 2020-жыл үчүн мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча кеңешмеде билдирди. 

Долбоорду ишке ашыруу алкагында план боюнча 18,6 млрд сом каралса, анын 15,7 млрд сом өлчөмүндөгү каражаты өздөштүрүлгөн. Бул иш 83 % аткарылган дегенди түшүндүрөт. Мында өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү алгач бекитилген планга салыштырмалуу болгону 67 %ды түзгөн. Өз сөзүндө Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы алты жыл ичинде мамлекеттик инвестициялар линиясы боюнча каражаттарды өздөштүрүү алсыз жүрүп жаткандыгы байкалууда. Тактап айтканда, өздөштүрүлбөгөн каражаттардын негизги бөлүгү транспорт, энергетика, ирригация, суу менен камсыздоо жана саламаттык сактоо сыяктуу маанилүү тармактарга тийиштүү. 

Премьер-министр Экономика жана финансы министрлигин мамлекеттик инвестициялар долбоорун сапаттуу мониторингдөөгө жана координациялоого чакырды. Мындан тышкары, долбоордун дизайнын алгачкы баскычта сапаттуу иштеп чыгуу аны келечекте ишке ашырууда олуттуу мааниге ээ болот. Буга байланыштуу Улукбек Марипов жаңы долбоорлорду социалдык-экономикалык натыйжалуулукка басым жасоо менен тыкыр даярдоону тапшырды.