Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов 27-январь - Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Президенттин милдетин аткаруучунун кайрылуусунда төмөнкүдөй деп айтылат:
«Ардактуу блокадачы мекендештер! Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулушунун 77 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан-жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон.
Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан. Курчоодо калып, аны баатырдык менен жеңип чыккан Ленинграддын каарман коргоочулары көрсөткөн эрдик өлбөс-өчпөс болуп калды. Алардын эрдиги биздин жүрөгүбүздө бекем сакталат. Сиздерге терең таазим, урматтуу ардагерлер! Курман болгон баатырлар түбөлүк эсибизде!»