Дагы бир киши президенттикке талапкерликтен баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Анда айтылгандай, 24-ноябрь күнү Турсунбек Жумабеков мурда тапшырган документтерин кайтарып берүүнү суранып, БШКга арыз менен кайрылган.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Учурда президенттикке талапкер катары 47 киши калды. Кечээ эки киши президенттикке талапкерлигинен баш тарткан. Жалпысы 65 киши арыз берген. Алардын ичинен алтоо арызын кайтарып алса, 12 адамдын документтерин Боршайком кайтарып берди.