Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жаштар үчүн тарбиялык маанидеги "Жаш жаратман" деп аталган социалдык видеороликтердин сынагын жарыялады. Конкурска чыгармачыл борборлор жана кесипкөй студиялар катыша алат.
Сценарий мекенчил, чынчылдык, жоопкерчилик, асылдуулук, эмгекчилдик жана башка жакшы сапаттарга ээ болгон жаш кыргызстандыктын образын жаратууга багытталышы керек. Видеороликтин узактыгы эки мүнөттөн ашпоого тийиш.
Жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат. 1-орун — 200 миң сом; 2-орун — 150 миң сом; 3-орун —100 миң сом. Катышуу үчүн өтүнмөлөр Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 17 дареги боюнча, Мамлекеттик агенттиктин жаштар иштерин координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмүндө, 18-декабрга чейин кабыл алынат.