21-ноябрда Баткен шаарында өсүмдүктөрдүн карантиндик лабораториясын куруу үчүн капсула салынды. Иш-чарага Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов жана КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев катышты.
«Бул лаборатория зыяндуу организмдерди аныктоого, өсүмдүктөрдүн коромжу болбоосуна жана товар өндүрүүчүлөрдүн түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон оорулардын өнүгүшүн жана жайылышын алдын-ала көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Лаборатория ата мекендик жана импорттук материалдардын үлгүлөрүн экспертизадан өткөрөт. Бул ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана ишкерлеринин ишин бир топ жеңилдетет, анткени азыр бардык продукциялар Ош шаарына экспертизага жөнөтүлүшү керек », - деди министр Тилек Токтогазиев.
Имаратты куруунун сметалык баасы 10 миллион 650 миң сомду түзөт. Бардык жумуштарды 2021-жылдын апрель айында бүтүрүү пландалууда. Жаңы имарат лабораториялык бөлмөлөрдү, окуу бөлмөлөрүн жана жумушчу бөлмөлөрдү камтыйт.
Бүгүнкү күндө республикада Бишкек жана Ош шаарларында, Талас жана Ысык-Көл облустарында 4 лаборатория бар, Нарын облусунда лаборатория пайдаланууга берилүүдө. 2021-жылы Жалал-Абад облусуна фитосанитардык лаборатория куруу пландалууда.