Жаңылыктар
Иш кагаздарын санариптештирүү
Кыргызстан жаңылыктары
Иш кагаздарын санариптештирүү

Иш кагаздарын жүргүзүүгө санарип технологиясы киргенден бери зарыл маалымкаттарды алуу жана документтерди тариздөө иши кыйла жеңилдеди. Мындай жагдайды өзгөчө аймактагы жашоочулар белгилеп жатат. Керектүү маалым каттарды шаарга барбай туруп, айыл-кыштактардан эле бүткөргөн мүмкүнчүлүк элге жакты. Мындан ары маалым каттарды чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар да алса болот. 

Айдоочулук күбөлүк алууга документтерди тапшырууга болгону жарым сааттык убакыт сарпталат.
Мындай жагдай иш кагаздарын жүргүзүүгө санариптик технологияларды киргизүү аркылуу мүмкүн болду. Автомектепти аяктап күбөлүк алууга келген Ислам, мурдагыдай күн кечке кезек күтүү жокко эсе экенин айтат. 

Ошол эле учурда автоунааны каттоо дагы мурдагыдай көп убакыты талап кылбайт. Мисалы сиз Баткенде жашап, бирок учурда кайсы бир иштер менен Бишкек шаарында жүргөн болсоңуз, бирдиктүү тутум аркылуу ошол аймактан эле унааны каттатса болот.

Ушул тапта өлкөдөгү көпчүлүк мекемелер санариптештирүүнүн алкагында иш алып барууда.
Жада калса, ар бир айыл өкмөтүндөгү калктын жана үй жаныбарларынын эсебин жүргүзүүгө мүмкүндүк берген санарип аймагы долбоору ийгиликтүү иштеп жатат.

«Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасына барган кезде Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, өлкөнү санарипке өткөрүү боюнча долбоорлорду, ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Талант Мамытов жарандардын жашоосун жеңилдетүү үчүн санарипке өткөрүү иштерин активдештирүү зарылдыгына көңүл бурду.

Санариптештирүү биринчиден, маалыматтардын баары электрондук системага түшкөндүктөн кагаз жумуштарынын баары кыскарат, жарандарды кабыл алууда бюрократиялык бөгөт болбойт, эң негизгиси, убакытты абдан үнөмдөйт жана чыгымдарды азайтат.Ошондой эле эч жака чыкпай туруп эле керектүү документтерди өз ара электрондук форматта жиберип, дароо талкуулап, маселенин чечилишин тездетет.